Домой Кылмыш Караколдо үйлөрдү тоноп жүргөн кылмыштуу топ колго түшүрүлдү

Караколдо үйлөрдү тоноп жүргөн кылмыштуу топ колго түшүрүлдү

8

наручникиЫсык-Көл облусунун Каракол ШИИБнин ыкчам тобунун комплекстүү чараларынын жүрүшүндө, үч кишиден турган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди, деп кабарлайт аймактык кабарчы Замир Асаналиев.

Маалыматта айтылгандай, акыркы мезгилде облустун борборунда үйлөрдү тоноо учурлары көбөйүп кеткен. Уурулук аракеттеринин ыкмалары бири бирине окшош экени байкалган. Ушуга байланыштуу үйлөрдү тоногон жаңы уюшкан топ түзүлгөнү тууралуу божомол пайда болгон. Аталган кылмыштуу топту аныктоо максатында, Каракол ШИИБдин базасында ыкчам иликтөө тобу түзүлгөн.

Ыкчам иликтөө тобунун комплекстүү иликтөөсүнүн жүрүшүндө, кылмышкерлердин изине түшүп, аларды кармоого мүмкүндүк түзүлдү. Алар Каракол шаарынын тургундары 22 жаштагы Ш.У, жана Р.А. 19 жаштагы Д.А.

Учурда Каракол ШИИБдин тергөөчүлөрү тарабынан кармалган топко үйдү тоноодогу 12 эпизод боюнча айып коюлуп, далил буюмдар алынды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.