Домой Коом Караколдогу баш аламандык боюнча кылмыш иши биринчи май райсотунда каралат

Караколдогу баш аламандык боюнча кылмыш иши биринчи май райсотунда каралат

4

1-май соту10-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Каракол шаарындагы баш аламандык учурунда кармалгандардын баш коргоо чарасы каралышы керек болчу. Маалыматка ылайык, азырынча кармалган 18 айыпталуучу сот залына алынып келе элек. Калгандарын кылмыш ишинин негиздери жок деп коё беришкен. Сот имаратынын алдын укук коргоо органдары коомдук тартипти бузуу болбош үчүн курчоого алды. Сот имаратынын артында, Бөкөнбаев көчөсү тарапта эки бусикте атайын кызматтын кызматкерлери турат. Андан сырткары милиция кызматкерлери жетекчиликтин буйругу бар дешип, соттун аймагына транспортту киргизбей жатат. Кишилерди болсо документ менен гана киргизүүдө.  Белгилей кетсек, караколдуктардын ишин сот Адылбек Субанкулов карайт.

Айбат гезити №49