Домой Кырдаал Караколдогу тергөө абагынан сержант өзүн өзү атып өлдү

Караколдогу тергөө абагынан сержант өзүн өзү атып өлдү

6

солдат

Бул тууралуу, 1-августта коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди.

Айтымында, учурда аталган факт боюнча тергөө иш чаралары жүрүп жатат. Каза болгон жаран-сержант Назарбек уулу Улукбек Жети-Өгүз районунун 1995-жылы туулган тургуну.”Учурда прокуратура жагдайды иликтөөдө. Жыйынтыгы боюнча кылмыш иши козголмокчу”, деди Мамытов. Белгилей кетсек, Каракол шаардык тергөө абагынан билдиргендей, Назарбек уулу Улукбек №23 түзөтүү мекемесинде ушул жылдын май айынан баштап иштеп жаткан.

Айбат гезити