Домой Коом Карапайым калкты «сендвич», бөтөлкө сууга теңешеби?

Карапайым калкты «сендвич», бөтөлкө сууга теңешеби?

3

сендвич чал суу митингУлуттук оппозициялык кыймылдын (УОК)10-апрелдеги митингинде түшкү тамактанууга бирден «сендвич», желим бөтөлкөгө куюлган суулар таркатылды. «Концерттин» уюштуруучулары элдин көп келбесин алдын ала билишкенби, «сендвич», бөтөлкө сууларды аз алышыптыр. Ар кыл сөздөрдү уга берип тажаган митингчилердин курсагы ачкан белем, «обедди» талашып киришти. Көпчүлүгүнө «сендвич» жетпей мушташканга чейин барышканын агенттиктер жазып чыгышты. УОК лидери Равшан Жээнбековдун «демөөрчүлөрү» муну укса, «акчаны кайда сарптадыңар?» деп сураса эмне деп жооп узатар экен?

Айбат гезити №73