Домой Саясат Казакстанга “жер сатылганын” өкмөт башчыга эскертишти

Казакстанга “жер сатылганын” өкмөт башчыга эскертишти

10

жерКыргызстандын өкмөтү Казакстан менен чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселени бир күндө чече албайт. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда “Эркин-Тоо” гезитинин редакциясындагы эл менен түз байланыштын маалында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Түз байланышка чыккан Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын тургуну 2001-жылдагы келишим боюнча Казакстанга өтүп кеткен жер участокторун кайтарып берүүнү өтүндү.

“Ошол кезде 2 миң 600 га жер казактарга сатылып кеткен. Биз аны кайтарып берүүнү талап кылып жатабыз. Бул жер дайыма кыргыздарга таандык болгон, бирок биздин чиновниктер аны коңшуларга сатып жиберишти”,- деп даттанды ал өкмөт башчысына.

Өз кезегинде өкмөт башчы Кыргызстандын өкмөтү Казакстан менен чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселени бир күндө чече албасын айтты.

“Биздин жер сатылып кетти деген туура эмес. Бул жер Кыргызстандын парламенти 2008-жылы ратификацияланган чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимге ылайык казактардыкы болуп эсептелет”,- дейт өкмөт башчы.