Домой Коом Кечээ Нарындын бир катар райондорунда калыңдыгы 20-30 см жеткен кар жаады

Кечээ Нарындын бир катар райондорунда калыңдыгы 20-30 см жеткен кар жаады

4

жениш Нарын облусунун Кочкор районунун Соң-Көл айыл аймагында кечээ, 17-июндан 18-июнга караган түнү Соң-Көл жайлоосуна болжолу 50 см жогору калың кар түшүп, малчыларга ыңгайсыз шарттарды жараткан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айыл аймагында болжолу 20-30 см кар жааган. Мындан тышкары облустун башка райондорунда да кар жаап өткөн.

Бүгүн, 18-июнда райондук жарандык коргоо комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Булак : Баракелде