Домой Саясат Келдибеков калп оорунун амалын “мегакомдун” мурунку жетекчисинен үйрөндүбү?

Келдибеков калп оорунун амалын “мегакомдун” мурунку жетекчисинен үйрөндүбү?

7

Келдибеков АхматбекОорунун бетин кудай ары кылсын, бирок калп ооругандык да жарабайт. Мындай калп оорунун мыкты үлгүсүн көрсөткөн Акматбек Келдибеков учурда көшөрүп, досу Сабырбек Жумабековдун ооруканасынан чыкпай, СИЗОго кайтаралы десе эле тууган-туушканы, депутат айым достору, адвокаттарынын кыйкырык-чуусу менен өз жанын алып калууда.

УКМКнын СИЗОсу тарабынан “сыдырым жел” менен келген кептерге ишенсек, Келдибеков камакка алынгандан кийин “Мегакомдун” мурдагы жетекчиси, коррупция фактылары боюнча айыпталып жаткан Азамат Мурзалиев менен камерасынан жолугушуп, биртопко чейин акылдашыптыр. “Кантип оорукчан болуп калсам, канткенде бул жактан чыгып кетсем” таризинде.

Мурзалиев качантан бери УКМКнын СИЗОсунун башкы кеңешчиси болуп калганын билбейбиз, бирок Келдибеков ошондон кийин эле “оорукчан” болуп чыга келгенине баарыбыз күбө болдук, “тизеси менен чыканактарынан” жабыркап…

Ал эми кандай себептер менен режими катуу делген УКМКнын СИЗОсундагы камактагылардын бири-биринин камераларына ээн-эркин кирип-чыгып жүргөнү, ал жактын жетекчилеринин абийиринде.

Айбат гезити №68