Домой Саясат Келдибеков: Кумтөр менен сүйлөшүү жакшы нерсеге алып барбайт

Келдибеков: Кумтөр менен сүйлөшүү жакшы нерсеге алып барбайт

3

Ахматбек Келдибеков“Кумтөр боюнча өкмөттүк комиссиянын сүйлөшүүлөрү жакшы нерсеге алып барбайт”,- деп билдирди “ВБ” менен болгон маегинде “Ата-Журт” фракциясынан депутат Ахматбек Келдибеков.

“Сүйлөшүү комиссиясы маселени жабык чечет. Сүйлөшүү процесси коомчулукка белгисиз. Алардын эмнеге жетишкенин эч ким билбейт. Ошондуктан мен алардын сүйлөшүүсү эч кандай жакшы нерсеге алып келбейт деп ойлойм”, -деп билдирди депутат.

Келдибеков эң оптималдуу чечим катары Centera Gold Inc. компаниясы менен келишимди денонсация кылуу жана жаңы келишим түзүү экенин баса белгиледи.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229576