Домой Саясат Келдибековдун окуу жайы текшерилди

Келдибековдун окуу жайы текшерилди

4

КелдибековӨлкө казынасына миллиондогон сомдук зыян келтирди делип шектелип, учурда абакта отурган Акматбек Келдибековдун кан досу Аман Тентишев Кант шаарында Азиялык медициналык институтка (АзМИ) кожоюндук кылары маалым. Аталган окуу жайда А.Келдибековдун жубайы Аида Токтоматованын да үлүшү бардыгы айтылып жүрөт. Айрым маалымат каражаттары АзМИ акча жасоочу мекемеге айланганын, билим берүү талапка жооп бербей тургандыгын жазып чыгышкан болчу. Муну Билим берүү жана илим министрлиги расмий тастыктады. Министрлик аталган институтту текшергенде бир катар катачылыктар табылганын министрликтин басма-сөз кызматынын өкүлү Амантур Акматов билдирди. Анын айтымында, министрлик текшерүү учурунда студенттер окуу процессине өтө аз катышып, көпчүлүк убакта сабактар токтотулат экен. «Өлкөдөгү жогорку окуу жайларды текшерүүнүн жыйынтыгы менен апрелдин аягында чара колдонулат. Керек болсо лицензиясын алабыз» дейт А.Акматов.

Билим берүү министрлиги АзМИнин окуу процессин гана текшериптир. Ал эми андан бөлөк органдар жакшылап иликтесе, мыйзам бузуу фактылары табылат беле? Себеби, жогоруда айткандай, АзМИ жеткиликтүү билим бербей эле, акча жасоочу институттун милдетин аткарып келе атканын журналист журтчулугу жаза берип чарчады. Мындай кеп-сөздөргө укук коргоо органдары юридикалык баа бергенге неге болбосун?

Айбат гезити №75