Домой Саясат Келдибековго учурашканы кезекке тургандар кимдер?

Келдибековго учурашканы кезекке тургандар кимдер?

0

Келдибеков АхматбекДен соолугун шылтоолоп Германияга учуп кетип, бирок Малайзиядан кайтып келген Акматбек Келдибеков келген күнүнөн бери карай үйүндө экс жана эмки аткаминерлерди, саясатчыларды «прием» кылып отуру. Алардын арасында кадимки экс-«акжолчу» депутат Улугбек Ормонов, экс- «ата журтчу» депутат Талант Мамытовдор бар. Ырас буларды жакшы түшүнөбүз. Ормонов мырза Бакиевдердин маалындагы май талкан жашоосун азыр түшүндө күнүгө көрүп, ошол маалда чогуу иштешип калгандарды көргүсү келип турат. Колунан келсе, кайрадан ошол заманды кайтарып келгиси бар. Талант Мамытов болсо Камчыбек Ташиевдин жанында жүрүп, анысы Ак үйдүн тосмосунан ашып түшкөндөн бери карай бир позицияны кармай албай, бирде оппозициясынын «короосуна» ашып түшүп, бирде бийлик тараптын «короосуна» баш бага калып жатканынан кайда бараарын билбей башы катып туру эле. Андыктан кандай болсо дагы эски партиялашым эмеспи деп, ал-акыбалын сураганы барганы жөндүү эле. Бирок бир гана таң калтырганы Келдибеков келди дегенди угуп, шаша-буша жетип баргандардын арасында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров дагы болуп жатканында болууда. Көгүлтүр экрандын бетинен: «Бизде бир дагы оппозиция жок, жалгыз эле мен бармын» деп акылдуусунган Мадумаров Келдибеков келгенде «кел-кели» келгендей сүйүнүп чуркап барганы неси?..

Айбати гезити №116