Домой Коом Келсеңер көңүлүңөр чайыттай ачылат

Келсеңер көңүлүңөр чайыттай ачылат

0

Токтогул Сатылганов, 150 жылдыкУлуттун  дөөлөттөрүн, тарыхын, анын башатында турган инсандарын унуткаруу жакшылык алып келбейт. Кыргыздын зоболосун көкөлөтө бийик көтөргөн Токтогул Сатылгановдун былтыр 150 жылдык торколуу тоюн белгиледик. Даңазалуу акындын мааракеси уюшкандыкта өткөрүлдү.

Ошентсе да залкар ырчынын таржымалы терең изилденди деп чекит коюуга эртелик кылат. Анткени Совет мезгилинде талапка ылайыкталып жазылган таржымалында  көп алешемдиктер болгонун былтыр ачык сездик. Көрсө көптөгөн чийкиликтер орун алыптыр. Буга тартылган тасмалардын жасалмалуулугу  далил болуп турат.  Демек, учурга ылайыктап тасма тартуу убагы келди.

Мына ошол жааттагы бөксөлүктү толтуруу ниетинде үстүбүздөгү жылдын 16- июнунда кечки саат 18:30да  Кожомкул атындагы спорт сарайында чоң программадагы концерт берилет. Башында Токтогул тууралуу тартылган тасмадан кыска көрсөтүү тартууланат. Кызыксыз болуп калбасын үчүн кимдер келип жарпыңарды жазарын сыр кылып айтпай туралы. Айтор бул күнү келгендердин көңүлү кушубак болоруна кепилдик бар. “Токтогулдай ырчы бол” деген жан дүйнөнү сүйүнткөн концертке сөзсүз келгиле, шаттанып үйгө кайтасыңар. Чынында эле таңдайыңар такылдайт.

Уюштуруу тобу

Айбат гезити №132