Домой Кылмыш Керим Тураповго кылмыш иши козголду

Керим Тураповго кылмыш иши козголду

9

Керим Турапов

Коррупция жана көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан ген прокуратуранын мыйзам аткаруусунун негизинде  2013-жылдын 18-июлунда 166-304-беренелери боюнча кылмыш иши козголду. (166 -алдамчылык, 304-кызмт абалынан пайдалануу) 2007-жылдын июнь айында КРда өткөн ШКУ саммитине мамлекеттик бюджеттен  Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук ф лармониянын ремонт иштерине 42 800 000 сом каражаты бөлүнгөн.  Буюртмачы менен Кыргыз Мамлекеттик филармониянын башкы директору Керим Турапов жана 24 юридикалык тарап менен келишим түзүлүп, Улуттук филармониянын курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө капиталдык ремонт иштерин аткаруунун негизинде Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын ремонтуна болгону 22 782 017 сом сарпталгандыгы аныкталды. Бирок, курулуш-сот экспертизасынын жыйынтыгында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын курулуш иштерине кеткен каражат 18 365 855 сомду түздү.

Жалпы жогорку көлөмдөгү жасалган ремонт иштери  4 416 162 сомду түздү. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Айбат гезити