Домой Саясат Кимге кимдер нааразы?

Кимге кимдер нааразы?

2

Максим БакиевЭкс-ханзаада Максим Бакиевдин колдоосу астында «Вечерний Бишкек» басма үйүнө кожоюн боло калган Александр Ким мурдагы табакташы Александр Рябушкинге тиешелүү 50 үлүштү бергиси келбей жакшы эле тырышууда. Кол астындагы кызматкерлерин айдактатып да көрдү, БОКчуларга да кайрылды, АКШ элчилигинин кызматкерлери менен жолугушуп да көрдү. Жыйынтык чыкпады, сот адилеттүү өкүм окуп, А.Рябушкиндин үлүшүн бөлүп берди. А.Кимге алданганын сезген кызматкерлер эми ага нааразы болуп, жакынкы аралыкта «жарылганы» атышыптыр. «Кыздын сыры төркүнгө маалым» демекчи, журналисттер «сасыса» А.Кимдин «бок жини» кайнап эле чыгат го. Баса, Александр Рябушкин өгүнү агенттиктердин бирине курган маегинде «Вечерний Бишкектин» жамааты А.Кимге тиш кайрап атканын кабарлаган эле…

Айбат гезити №130