Домой Кызыктар дүйнөсү Китепке окшогон китепкана курулууда

Китепке окшогон китепкана курулууда

8

китеп

Түркиянын Чорум университетинде курулуп жаткан китепкана үстү үстүнө тизилген китептер сыяктуу формада курулууда. Мындай өзгөчө сырткы көрүнүшү менен баардыгынын көңүлүн бурган имарат Түркияда архитектуралык санатына жаңычылдык кошту. Китепкананын имараты үстөлдүн үстүндөгү чачылып турган китептерди элестетип 1,600 чарчы метр аянтты ээлейт. Долбоор бардык тийешелүү мекемелерден кол коюлуп ушул айдан баштап курулушу башталды. Архитектор Айтач Акжүз Түркияда мындай имарат болбогондугун билдирип университет өзгөчө долбоор талап кылгандыгын жана ошого жараша тематикалуу дизайн чийгендерин кошумчалады. Айрыкча бул долбоор сырткы көрүнүшү катары ички түзүлүшү да өтө кызыктуу түзүлгөн. Биринчи кабатында жыйын залы жана китептин барактарындай болуп улам кийинки бөлмөлөр ачылып турат.

Айбат гезити №61