Домой Саясат КККнын “баштыгы” Байболовбу?

КККнын “баштыгы” Байболовбу?

4

Байболов Кубатбек“Каршылык Көрсөтүү Кыймылы” (ККК) менен саясатка аттанган Өмүрбек Суваналиевди көшөгөартынан экс-башкы прокурор Кубатбек Байболов каржылары ачыкка чыкты. Ошол эле учурда ал өз алдынча кыймыл түзөрүн жарыялаганын укканбыз. Демек, Кубатбек Калбекович эки жээкте ойногону көрүнүп турат. “Ойносо ойносун”, бирок, “эки тоонун чөбүн эңсеген эчки арам өлөрүн” унутпаганы оң.

Эки ооз сөздү кошуп сүйлөй албаган, бийликти сындаганга жараша ынанымдуу фактыларды келтирбей, ажаан эжекелерче ажылдаган Суваналиев “ар-намысчы” Феликс Куловго кошулуу сунушун киргизген экен, “кыздын сыры төркүнүнө маалым” демекчи, ар кайсы партияга “тийип” чыккан, эл арасында кадыр-баркы жоктугун түшүнгөн “темир генерал” “аный” дегендей баш чайкаптыр.

Айбат гезити №48