Домой Экономика КМШда энергетика тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

КМШда энергетика тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

9

энергетика

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев “Ялта шаарында 2009-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Улуттук электр энергетикалык тутумдарынын мамлекеттер аралык электр берүү чубалгыларын пайдалануу жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 16-майында кабыл алынган.

Ага ылайык, Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте билдирүүгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.