Домой Коом Кочкор райондук акиминин биринчи орун басары болуп Нурлан Керимкулов дайындалды

Кочкор райондук акиминин биринчи орун басары болуп Нурлан Керимкулов дайындалды

22

Нурлан КеримкуловАкимдин буга чейинки мурдагы биринчи орун басары Мамырбаев Алымбек ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Керимкулов Нурлан Бейшенбекович дайындалган. Аталган кызматтык буйруктарга премьер-министр Ж.Оторбаев кол койгон.

Керимкулов Нурлан Бейшенбекович 1975-жылдын 14-февралында туулган. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияны аяктап эмгек жолун, 1993-1999-жылдары И.Арабаев атындагы университетте дене тарбия мугалими, 1999 – 2010-жж. Кочкор районундагы «Кара-Саз» дыйкан чарба башчысы, 2010-2012-жж. депутаттардын Кочкор райондук кеңешинин депутаты кызматтарын аткарып келген.

Маалымат үчүн айта кетсек, буга чейинки маалыматтарда белгиленгендей, Кочкор районунун акими Ж.Шералиев анын биринчи орун басары А.Мамырбаевди кызматтан кетишин айтып, башка кызматка которулуусун талап кылган. Ортодо пикир келишпестиктер орун алып, аким менен биринчи орун басары кызматтык абалдарын талашуу менен жаман жакшы айтышууга чейин барышкан.

Айбат гезити №90