Домой Саясат «Кочкорлордун башы бир казанда кайнабай» калабы?

«Кочкорлордун башы бир казанда кайнабай» калабы?

3

Кочкорлор«Ата журтчу» Камчыбек Ташиев менен «республикачы» Өмүрбек Бабанов кол кармашып, саясат айдыңында чогуу болууга макулдашыптыр деп гүрү-гүү болуп аткан эле адамдар. Бирок, сүйлөшүүнүн акыркы «раундунда» «кочкорлор» бир чечимге токтоло албай жатканы каңкууланууда. Тар чөйрөдөгү булагыбыздын кабарлашынча, «кайсы партия кайсынысына кошулат?» деген суроо эки лидердин баш оорусуна айланган экен. Өмүрбек Токтогулович: «Республиканын» желеги астында парламенттик шайлоого аттанабыз» десе, Камчыбек Кыдыршаевич: «Жо-ок, «Ата журттун» атынан аламан жарышка катышабыз» дегендей моюн толгоп жаткандай. «Түндүк менен түштүктү бириктиребиз» деген дымагы күч саясатчылар «эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» макалын мектеп партасынан окушпагандай. Болбосо «президент болом» деген амбицияда жүргөн саясатчылар бири бирине жол бошотпосу турган иш эмеспи.

Айбат гезити №99