Домой Коом Көчмөндөр оюндары – дүйнөнүн көңүл чордонунда

Көчмөндөр оюндары – дүйнөнүн көңүл чордонунда

19

ЖигитУзаган аптада дүйнөлүк басма сөздүн сүрөт галлереяларын аркасынан алоолоп от күйгөн, тыйын эңип ат үстүндө ойногон кыргыз жигиттери багындырды. Италиянын Corriera Della Sera гезитинде “Ат үстүндө жаа атып, кыргыздар өз өнөрүн Алгачкы көчмөндөр оюнунда көрсөтүүдө” деген тема менен аркасынан алоолоп от күйгөн жигиттин сүрөтү баштаган ондон ашык сүрөт чыгып, гезит окурмандарынын кызыгуусун жаратты.

Британиянын The Mirror гезитинде “Кыз куумай Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун эң кызыктуусу” деген тема менен Чолпон-Атадагы оюндардын ачылышын чагылдырган видео, сүрөт галерея кыстарылып, британиялык окурмандар тарабынан узаган аптада эң көп ачылган макала болду.

Американын The Washington Post гезити да 10-сентябрдагы санында башка дүйнөлүк медиадай эле көчмөндөр оюнундагы кызыктуу сүрөттү биринчи планга койгон. Wall Street Journalбасылмасынын апта сүрөтү да алоологон от менен ат үстүндө ойногон кыргыз жигити болду.

Жаачы Көчмөндөр Кыргыз желеги Улак тартыш

Булак: Азаттык үналгысы

Айбат гезити №96