Домой Шоубизз Көк -Жал» – кландык криминалдагы окуяларды баяндаган жаңы тасма

Көк -Жал» – кландык криминалдагы окуяларды баяндаган жаңы тасма

10

КриминалЖашоодогу чыныгы баалуулуктар, жашоону өзгөртүүчү сүйүү, саткынчылык, кландык криминал, турмуштагы акча каражатынын зарылдыгы, баңгизатынын артынан убактылуу жыргал жашоо менен байлык издөө… Адам баласы тарабынан жасалып жаткан ушул сыяктуу ар кандай тагдырларды баяндап, ар кандай жолдордо адашкан өмүрлөрдү көрсөткөн криминалдык драма жанрындагы жаңы эмгек – «Көк-Жал» тасмасы жакынкы күндөрү көрөрмандарга сунушталат.

Өзүн алгач ирет режиссер катары сынап жаткан Асема Токтобекова менен Турсунбек Акуновго режиссердун милдети жүктөлүп, оператор катары Евгений Крохмаленко менен Канат Алыбаев эмгектенди. Ал эми, тасманын продюсерлери Акжол Нышанов менен Асел Абыкеева.

Криминалдык драма жанрынын сүйүүчүлөрү жана 14 жаштан жогорку курактагы көрөрмандар тасмадагы каармандардын башкы ролдорунан өлкөдө буга чейин башка тасмаларда роль жаратууга жетишкен актерлор менен бирге түркиялык актердун талантына да күбө болушат. Тасмадагы үч башкаармандын бири болгон Умар – бала чагынан баштап криминалдык чөйрөдө тарбияланып, бул чөйрөнүн куралы болуп калат. Бул каармандын ролунан Азат Кусеиновду көрө алабыз. Ал эми, Кванч – байлык менен акчанын артынан жашоого эркелеген жигит. Бул каармандын образын Түркиядан келген актер Муслум Демиржан ачып берет. Ошондой эле, Асема Токтобаеванын каарманы Нур аттуу айым – майып баласын багуу милдети жүктөлгөн жаш, жалгыз бой эне. Тасманын бет ачаарын ушул жылдын 18-сентябрында Бишкек шаарында өткөрүү пландалууда. Андан соң жалпы көрөрмандарга сунушталат.

Айбат гезити №92