Домой Коом Көк-Жаңгак шаарынын мэрин кайра шайлоо өтөт

Көк-Жаңгак шаарынын мэрин кайра шайлоо өтөт

5

 выборБүгүн, 12-августта Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарынын мэрин кайра шайлоо өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ушул жылдын 28-июнундагы токтому менен Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо үстүбүздөгү жылдын 17-июлуна дайындалып, кворумдун жоктугуна байланыштуу шайлоо өткөн эмес.

Бүгүнкү күнгө карата, Көк- Жаңгак шаарынын мэрлигине КСДП партиясы Алмамат Саражиевдин, «Өнүгүү-прогресс» фракциясы Жалалидин Юсуповдун талапкерлигин көрсөткөн.

Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону КР мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.