Домой Коом Конок койдон жоошпу? Дьяченко эреже бузган дипномерлүү автомашинанын айдоочусуна карата чара көрүүгө...

Конок койдон жоошпу? Дьяченко эреже бузган дипномерлүү автомашинанын айдоочусуна карата чара көрүүгө убада берди

4

Т 60 017Интернетте Т 60 017 кызыл мамномерлүү автомашинанын Ала-Тоо аянтындагы “Илбирс” имаратынын жөө баскандарга арналган жолунан өтүп, ыңгайсыздык жараткан видеосу жарыяланган.

Кыргызстандын ИИМ Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Сергей Дьяченко Бишкектин аянтында жайгашкан “Илбирс” имаратынын жөө баскандарга ылайыкталган капталдагы жолунан машина айдап өткөн айдоочунун жөнүн тактап берүүгө убада берди.