Домой Кызыктар дүйнөсү Көп жашагандар аралы

Көп жашагандар аралы

6

Окинава

Бизде жүзгө чыккан адамдар абдан эле аз. Эгер жүзгө чыкса анда ал элдердин кызыгуусун арттырат. Бирок, окинава аралында жүзгө чыкмак турсун андан ашкандардын саны өтө эле арбын. Бул акта жүзгө чыккандар дагы каратэ менен машыгып, бакча иштерин жасашат. Ал эми узак жашагандарынын сыры болсо алардын жашоо образын туура пайдалангандыгында десек болот. Алар жашылча-жемиштерди, күрүчтү жана деңиз азыктарын көп колдонушат. Алар тамакка отурганда да шашпай, жайдары ичип, кооз идиштерди пайдаланышат. Иче турган суусу да кальций иондоруна бай келгендиктен ден соолукка абдан пайдалуу. Анан дагы Окинавалыктар ар бир күндү кубануу менен тосуп, жайдары жүрүшөт. Ошон үчүн көпкө жашашат болуш керек.

Айбат гезити №88