Домой Саясат Коррупцияга түрткөн Түлеевди да жоопко тартуу керек

Коррупцияга түрткөн Түлеевди да жоопко тартуу керек

2

Түлеев НариманБишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев мамлекеттин миллиондорун сугунуп алып темир тор артында отурат эмеспи? Бул киши ал жакта да жөн отурбай уурдап алган акчаларын ар кимге берип, сотторду да коррупцияга түртүп жатканы ачыкталды. Албетте, пара алган кызматкер жоопкерчиликке тартылат, бирок ири суммадагы жашылбайларын көрсөтүп мамлекеттик кызматкерлерди азгырган Түлеевдин да жоопкерчилиги болушу керек да. Чындыгында акыркы кездери коррупцияга каршы күрөш катуу жүрүп келет. Дал ушул Түлеевдин 200 миң долларына көзү кызарган депутат Хажимурат Коркмазов мурда күнү кылтакка илинди. Кандай болгон күндө да Коркмазов жазасын алары турган иш. Ал эми бул окуяда Наримандын да кандайдыр бир деңгээлде күнөөсү бар. Элдин мүлкүн “оптом” мүлжүп алып, эми кайра анын жоопкерчилигин тартууга келгенде, башкаларды да коррупцияга түртүп атканы туура кадамбы? Акыйкаттыкты акча менен издеген заман артта калганын түшүнүшүбүз абзел. Бүгүн биз коррупцияга каршы айыгышкан күрөш ачып, өлкөбүздү мындай өнөкөт оорулардан арылтуу жолунда баратабыз.

Айбат гезити №137