Домой Саясат Кошалиевден жаңы конституция

Кошалиевден жаңы конституция

6

Кошалиев Кадыр«Ата мекенчи» Өмүрбек Текебаев азыр ар бир жаран Конституциянын вариантын жазып, колтуктап жүрүп калды деп айтканы бар. Анын сыңарындай, «Элдик Курултай» коомдук бирикмесинин жетекчиси Кадыр Кошалиев өзү жазган Башмыйзамдын долбоорун Минскиде КурСалиевичтин жанында жүргөн Садыр Жапаровго интернет аркылуу жөнөттү. Садыр Нургожоевич жаңы вариантты Бакиевге көрсөтөт өңдөнөт. Баса, С.Жапаров Кошалиевге жашыруун тапшырма берди. «Эгер азыркы өкмөт отставкага айдалса, премьер-министрликке кимдин талапкерлиги ылайыктуу?» деген сурамжылоо башталса, анын автору Кошалиев деп түшүнө бергиле. Мунусуна караганда Жапаровдун жакынкы аралыкта мекенине кайтар түрү жок.

Айбат гезити №63