Домой Коом КР соттор кеңеши судья А.Камбаралиеваны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл...

КР соттор кеңеши судья А.Камбаралиеваны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алды

15

сот чечимКыргызстандын Соттор кеңеши ушул жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун судьясы Айнура Камбаралиеваны мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алды, деп билдирди бүгүн, 30-апрелде аталган Кеңештен АКИpress агенттигине. УКМКнын маалыматы боюнча, 2013-жылдын ноябрь айында УКМКнын Антикоррупциялык кызматы тарабынан Октябрь райондук сотунун судьясы А.Камбаралиеванын мыйзамсыз дайындалышы тууралуу материалдар Судьялар кеңешине жөнөтүлгөн.

Материалда айтылгандай: «Мунун себеби, КР президентине караштуу сот акыйкаты боюнча Улуттук кеңештин сунушунун негизинде, КР президентинин 2007-жылдын 29-августундагы жарлыгы менен судья Камбаралиева ишиндеги кемчилиги үчүн ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулганы тууралуу маалыматтар болду». Бирок, УКМКнын материалдарында көрсөтүлгөндөй, 2010-жылдагы окуядан кийин, КР президентинин 2010-жылдын 11-августундагы жарлыгы менен Камбаралиева мурунку ээлеген кызматына кайрадан дайындалып, бул кызматты ээлеши КР «КР судьяларынын статусу жөнүндө» 17-беренесинин 3-бөлүмүндөгү 2-пунктуна каршы келген. Аталган берене боюнча кемчилигинен улам мурда ээлеген кызматынан бошотулган судья КР жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындала албайт.

Учурда КР Соттор кеңеши тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Айнура Камбаралиеваны мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечим чыгарылды.

Айбат гезити №76