Домой Саясат Кресло буйрубагандар

Кресло буйрубагандар

2

Лунара МамытоваШайлоо алдында  партиялар  жаштарды  колдойбуз деп, жаштарды  алдыңкы сапка чыгарды эле. Эми шайлоо бүткөн соң жаштар менен бирге көрүнүктүү саясатчыларды  көмүскөйгө калтырып партиянын катарынан чыгарып жатканы бүтүндөй элди кызыктырууда. Шайлоо алдында  курал болуп келдиби? деген суроо ар бир жарандын жүрөгүндө түнөк болуп турууда.  Буларга ишенип добуш бергендер эми кимге добуш берген болуп калышат? Шайлоо алдында партиялардын алдыңкы сапта туруп, шайлоо бүткөн соң алар кайыктын сыртында калып калган талапкерлерди тизмектей кетсек. Азырынча талапкерлер эмне себептен кетишкендиктерин так айтыша элек. Тизме боюнча жаңжал чыкпайт деп ким кепил боло алат.

“СДПК” партиясынан  Алишер Абдрахманов (№45), Зайырбек Жоошбеков(№53) Нурбек Касымбеков (№21)баардыгы 3 талапкер

“Республика-Ата-журт” партиясынан Тербишалиев Данияр (№94), Шакиев Нурлан (№31), Саматов Жыргалбек (№17) жалпысынан 15 талапкер тизмеден сырткары калышкан.

“Кыргызстан”   партиясынан  Ибраев Таалай (№51), Эшимов Акылбек (№39) Алмаз Кулматов бардыгы 44 талапкер тизмеден ыргышкан.

“Өнүгүү” партиясынан Арипов Назарали (№18), Сабирова Гулкарпаша (№8) жалпы 11 талапкер

“Бир Бол” партиясынан  Лунара Мамытова (№8), жалпы 2

“Ата-Мекен” партиясынан Жоомарт Оторбаев (№5), Асия Сасыкбаева (№12)жалпы 2

Айбат гезити №150 (16.10.2015)