Домой Саясат “КСДП” фракциясынын лидери Ч. Турсунбеков Канаданын Кыргызстандагы элчиси Ш.Стайл менен жолугушту

“КСДП” фракциясынын лидери Ч. Турсунбеков Канаданын Кыргызстандагы элчиси Ш.Стайл менен жолугушту

6

КСДП СтайлКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП парламенттик фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 17-февралда Канаданын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Шон Стайлды кабыл алды.

Фракция лидери Ч.Турсунбеков Кыргызстандагы коомдук-саясый кырдаалга токтолуп, Кыргызстан демократиялык өнүгүү жолуна түшкөндүгүн баса белгиледи. Ошону менен катар Жогорку Кеңеш, анын фракциялары, парламенттик көпчүлүк коалициясы, тармактык комитеттер тууралуу учкай кеп кылды.

Элчи Ш. Стайл тоо-кен иштетүү боюнча тажрыйбасы мол Канада бул тармактын өзгөчө орду бар экенин, бул багыттагы стратегиялык программасын жаңылагандыгын маалымдады. Ошондой эле, канада тарап “Кумтөр” долбоору менен алдыдагы парламенттик шайлоолорго маани бере тургандыгын билдирди. Мындан сырткары, Кыргызстан менен экономикалык кызматташуу жаатында инвестиция тартуу маселелерин кошумчалады.

КСДП фракциясынын лидери “Кумтөр” долбоору өлкө үчүн өзгөчө маселе экенин, коомчулук ар дайым бул маселеге көңүл буруп турарын белгиледи. Ага жараша башталган иш аягына чыгарылаарына, эки тарап бир бүтүмгө келе аларына ишеним артаарын айтты. “Ал эми парламенттик шайлоолор алдыңкы технологиялардын жардамы аркылуу биометрикалык маалыматтар базасын түзүү менен ачык-айкын өткөрүлөт”,-  дейт Ч.Турсунбеков.

Жолугушууда тараптар парламенттер аралык кызматташуунун мындан ары дагы өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Айбати гезити №116