Домой Коом КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп Абды Сатаров дайындалды

КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп Абды Сатаров дайындалды

9

Абды СатаровКоомдук телерадиокорпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп Байкоочу кеңештин мүчөсү Абды Сатаров дайындалды. Мындай чечим  12-февралда Байкоочу кеңештин кезектеги отурумунда маалым болду.

Эске салсак, Илим Карыпбеков КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган соң, ал төрагалык ордун таштап, Байкоочу кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу жаш курагы боюнча улуу Тамара Жаманбаева аткарып жаткан.

Абды Сатаров — журналист, КТРКнын башкы директорунун мурдагы орун басары. Журналистика тармагына 1973-жылы келип, ошондон бери НТРК, «Ош-3000», КООРТ, НТС телеканалдарында, «Заман Кыргызстан» эл аралык гезитинде жана «Интерньюс -Кыргызстан» медиа-уюмунда иштеген. Учурда Кыргыз-түрк «Манас» университетинин журналистика кафедрасында мугалим, байланыш факултетинин деканынын орун басары. КТРКнын Байкоочу кеңешине президент тарабынан сунушталган.

Айбат гезити №115