Домой Маек Кубан Абдымен: “Жол тоскондор айрым адамдарды өтө таза деп адашып атышат”

Кубан Абдымен: “Жол тоскондор айрым адамдарды өтө таза деп адашып атышат”

3

Кубат Абдымен– Кубан мырза, 27-майдан бери Акматбек Келдибековдун айылдаштары Ош-Эркечтам жолун тозуп турушат. Бул акыйкаттыкты издегендикпи, же мыйзам бузуучулукпу?

– Бул жерде жол тоскону чыккандар өздөрү акыйкаттык издеп атабыз дешүүдө. Ачыгын айтканда, бул жерде адашкандар чыгып атат. Аларга кимдин-ким экендиги тууралуу кеңири маалымат жетпей атат. Алар айрым адамдарды өтө таза деп эсептеп алышып, адашып атышат. Ошол эле учурда мыйзамды да бузушууда. Ал жол аркылуу ары-бери каттагандардын укугун бузушууда. Көптөгөн жарандардын экономикалык абалына терс таасирин тийгизип атышат.

– Канткенде ушундай мыйзамсыз кадамдарга барган аракеттерден кутула алабыз?

– Мына ушундай жол тозуу аракеттерине карата атайын мыйзам бар. Ал күчүндө. Бирок, иштебей жатат. Ошону иштетиш керек. Бизде эскертүү берүү, айып салуу, административдик чара көрүүлөрдөн бөлөк эч нерсе болбой жатканынан улам, башкаларга сабак болбой жатат.

Айбат гезити №80