Домой Коом Кубаныч Кадыров элдик губернатор болгону турат!

Кубаныч Кадыров элдик губернатор болгону турат!

8

pic_1358914974Бизге жеткен акыркы маалыматтарга караганда, Ысык-Көлдө абал кайрадан курчуп, көлдүктөр, айрыкча спортсмен жана патриот жигиттер биригип, Каптагаевди келген жагына узатып, Кубаныч Кадыровду элдик губернатор кылып шайлаганы турушуптур. Муну уккан Кадыров тарапташтарына ыраазычылыгын билдирип, Көлдөгү жаштарды сабырдуулукка чакырып, тынчтыкты бузбаганга аракеттенүүдө. Бирок, бийликтин шылдыңына ыза болгон жаштар “кой-ай” дегенге көнбөй, айтканынан кайтпай көгөрүп, жаалданышууда. Кокус “дүрт” этип, эл селдей каптап кетсе, Кукеңер элдин башында турууга белсенгени белгилүү болду. Бу бийликке муштумун көрсөткөн, дагы бир губернатор чыгабы?