Домой Коом Кудайберген Базарбаев:Кыргызстанда 400 миңден ашык жаран социалдык жөлөкпул алат

Кудайберген Базарбаев:Кыргызстанда 400 миңден ашык жаран социалдык жөлөкпул алат

2

жардам

Социалдык өнүгүү министрлиги Жогорку Кеңештин 23-майдагы пленардык жыйынында депутаттардын айткан эскертүлөрүн эске алып, иш-аракет планын иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда ведомствонун кеңейтилген жыйынында министр Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, министрлик ишин түрдүү багыттарды оптимизациялоо менен баштайт. Биринчи кезете интернат мекемелери боюнча ишти жакшыртат.

“Азыр балдардын саны аз болгон көптөгөн ири интернаттар бар. Ал жакта ар бир балага кеткен чыгым акталбайт. Ошондуктан чакан интернаттарды түзүү керек”,- деген сунушун билдирди министр.

Министрликтин берген маалыматына ылайык, бүгүнкү күнү 413 миң жаран социалдык жөлөкпул алат. Аны төлөө үчүн 6 млрд 996 млн сом жумшалат.

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/226164