Домой Коом Күйүүчү майдын баасы 50 тыйынга кымбаттаса кыйкыргандар 10 сомго арзандаса унчукпайт

Күйүүчү майдын баасы 50 тыйынга кымбаттаса кыйкыргандар 10 сомго арзандаса унчукпайт

0

БензинКечээ, 19-февралда республиканын түндүгүндө АИ-92, АИ-95 жана АИ-98 маркасындагы бензиндин баасы дагы 1 сомго арзандады. Бул тууралуу КРдин нефтетрейдерлер ассоциациясынан маалымдашты.

Ал эми түштүк облустарда АИ-92 бензининин баасы 2 сомго, АИ-95 маркасындагы бензиндин баасы 1 сомго арзандаган. Мындан тышкары Баткен областында АИ-80 маркасындагы бензиндин жана күйүүчү майдын баасы литрине 1 сомго арзандаган.

“2015-жылдын башынан бери 6 сомдон 9,5 сомго чейин арзандаган. Акыркы айларда байкалып жаткан баанын арзандашы Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун мунай өндүрүмдөрүнө карата дүң баасын арзандатып жатканы себеп болууда”, -деп кабарлашты ассоциациядан.

Бензиндин баасы 50 тыйынга кымбаттаганда айрым оппозиционерлер кыйкырып чыгышканын көргөнбүз. Жыл башынан бери күйүүчү май 10 сомго чейин арзандады. Негедир баягы «бакырчактар» тилин жутуп алгансып унчугушпайт. Жок дегенде ушундай жакшы саамалыктарды колдоп коюшпайбы. Же алар кемчиликтен кынтык издеп, ошондон упай топтоону адатка айландырып алышканбы?

Айбати гезити №116