Домой Энергетика Күйүүчү майлардын бардык түрлөрүнүн баасы 1 сомго арзандады – Нефтетрейдерлер Ассоциациясы

Күйүүчү майлардын бардык түрлөрүнүн баасы 1 сомго арзандады – Нефтетрейдерлер Ассоциациясы

4

Бензин2015-жылдын 21-январынан тарта республикабыздын бардык аймактарында бензиндин бардык түрлөрүнүн, ошондой эле дизелдик күйүүчү майлардын баалары 1 сомго арзандады. Бул туурасында Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясы билдирет.

«Январь айынын башынан бери бензиндин баасы күйүүчү майдын үлгүсүнө жараша 6,4-9,4 сомго төмөндөдү (11,6-20,7). Дизелдик күйүүчү май 8 сомго арзандады (18,4) жана азыр 2014-жылдын январь айына салыштырмалуу 4,5 сомго арзан турат. Байкалып жаткан баалардын төмөндөө тенденциясы россиялык рынокто ресурстардын профициттик кырдаалында дүңүнөн кое берилүүчү баанын төмөндөшү менен байланыштуу. Ресрустардын профицити суроо-талаптардын жогору болушунан улам түзүлгөн. Мындан сырткары заводдордо дүңүнөн кое берилүүчү баалардын төмөндөшү нефтинин баасынын түшүшү менен дагы байланыштуу», – деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек жана Ош шаарлары боюнча күйүүчү-майлоочу майлардын бааларынын өзгөрүшү тууралуу маалымат

Айбат гезити №112