Домой Ден-соолук Кулагыңызга күмүш “наушник”

Кулагыңызга күмүш “наушник”

9

наушникКулагыңызды кереңдикке алып барган мобилдик байланыштар Кулакка таккан «наушниктер» биздин кулагыбыздын бара-бара укпай калышына түрткү берет. Андыктан аны тагууда көлөмдүү (көбүнчө радио кызматкерлери пайдаланган наушниктер) жана укканда кошумча ызы-чуусу жок сапаттуусун пайдаланыңыз. Мобилдик телефондо көп сүйлөшүү абдан зыян. Аны жаштар али сезе элек болсо да улгайган жаштагылар сүйлөшүүдө абдан жакшы байкашат, анткени кадимкидей кулактын тамыр-тарамыштары тартылып ооруп кеткенин сезген чыгарсыз. Телевизор, радио укканда да болушунча добушун чыгарып койбоңуз, бул дагы кулак кереңдикке алып барат. Анткени кулак пардасы абдан назик экенин унутпаңыз. Ызы-чуулуу концерттерге көп баруу да кулактын душманы.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №79