Домой Саясат Кулматов: Биздин команда өз милдетин аткарып бүттү

Кулматов: Биздин команда өз милдетин аткарып бүттү

4

Кубанычбек Кулматов

“2010-жылдын апрелинде бекитилген команда өз милдетин аткарып бүттү”. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда, “ВБ”га Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматов билдирди.

Ал анын кызматтан кетүүсүн саясатка айландырып жибербөөгө чакырды.

“Мен өз каалоом менен кетип жатам. Биз өз милдетибизди аткарып бүттүк, эми жаңы келген команда биздин ишти улап кетүүсү керек. Учурда Мамлекеттик бажы кызматынын башына чыныгы кесипкөй адамдар келди “, – деди Кулматов.

Ал эми президенттин кеңешчиси болуп дайындалуусу ал үчүн күтүүсүз болгондугун айтты.

“Бүгүн мен президент Алмазбек Атамбаев менен жолугам. Ошондо менин алдыма коюлган милдеттемелерим так аныкталат”, – деди Кулматов.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227046