Домой Саясат “Кумбелди” Кытайга сатчу ким?

“Кумбелди” Кытайга сатчу ким?

4

Кадыров Кубанычбек15-декабрда борбордогу ресторандардын биринде «Чындык» партиясынын төрагасы Кубанычбек Кадыров кытайлык ишкерлер менен чайлашып отурганы көзгө чалдыкты. Алардын күбүр-шыбырына кулак түрсөк, Жалал-Абаддагы «Кумбел» кенин иштетүү үчүн уруксат алууга көмөк көрсөтүү маселеси талкууланыптыр. К.Кадыровдун кандай жооп узатканы белгисиз. Ал эми оппозиционер болуп жүргөн Кадыровдун элибиздин байлыгын кытайлыктарга пулдоо ниетин жашырбаганы – бүгүнкү  оппозициянын табигый жүзүн ашкерелеп, алардын байлык, маңсап дегенде мекенин сатуудан да кайра тартпастыгын каңкуулабайбы?

Айбат гезити №110