Домой Экономика Кумтөр кайрадан баардык өнөр жай өндүрүшүнүн 60 пайызын камсыз кылды

Кумтөр кайрадан баардык өнөр жай өндүрүшүнүн 60 пайызын камсыз кылды

7

кумторБиринчи жарым жылдыкта Кыргызстандын ишканалары 62 млрд 812,4 млн сомдук өнөр жай продукциясын өндүрдү, бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу өндүрүш көлөмүнүн 118,4 пайызын түзөт. Ошентип өнөр жай өндүрүшү 18,4 пайызга жетти, өткөн жылдын ушул маалында өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшү 30,9 пайызды түзгөн. Бул тууралуу 10-июлда Улуттук статистикалык комитеттен маалымдашты.

Ошол эле маалда Кумтөр кенин иштетке ишканасын кошпогондо, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү болгону 3,2 пайызга барабар болду жана 38 млрд 120,3 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү.

Мындай жол менен беш айдын жыйынтыгын чыгарганда “Кумтөргө” баардык өнөр жай өндүрүшүнүн 60 пайыз үлүшү туура келди.