Домой Экономика “Кумтөр” Ысык-Көлдүн түштүк тарабынын жолун оңдоого алгачкы 2 млн долларды бөлдү

“Кумтөр” Ысык-Көлдүн түштүк тарабынын жолун оңдоого алгачкы 2 млн долларды бөлдү

22

ысык Кол“Кумтөр оперейтинг компани” алтын өндүрүүчү компаниясы Балыкчы – Каракол унаажолун оңдоо үчүн алгачкы 1,9 млн долларды бөлүп берди. Бул тууралуу “ВБ”га бүгүн, 8-июлда Унаа жана байланыш министрлигинин инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун координатору Султан Сарбагышев билдирди.

Анын айтымында, жолду оңдоо иши ушул айда башталат. Учурда алгачкы Бөкөнбаев айылынан Тоң айылына чейинки 3 чакырымын оңдоо макулдашылды.

Эскерте кетсек, канадалык ишкана Ысык-Көлдүн эли Кумтөр жолун тосуп алганда гранттык негизде Балыкчы – Каракол жолун оңдоп берүүнү убада кылган жана ага карата Centerra 20 млн доллар бөлө тургандыгын билдирген.