Домой Экономика “Кумтөрдөн” түшкөн салыкты Ысык-Көл облусуна жумшоону сунушташты

“Кумтөрдөн” түшкөн салыкты Ысык-Көл облусуна жумшоону сунушташты

5

кумтор

Бүгүн, 12- июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Республика” фракциясынан депутат Максат Сабиров “Кумтор оперейтинг компани” ишканасынан түшкөн салыктарды Ысык-Көл облусу үчүн жумшоону сунуштады.

Эскерте кетсек, бүгүн эл өкүлдөрү Бишкек жана Ош шаарларынын макамы жөнүндө мыйзамдардын долбоорун карап жаткан учурда, салыктан түшкөн каражаттын 35 пайызын жергиликтүү бюджетке калтыруу маселеси боюнча карама-каршы пикирлер жаралды.

Сабировдун айтымында, “Кумтор оперейтинг компани” ишканасы Ысык-Көл аймагында иш алып барып жаткандыктан, салык облустун бюджетине түшүүсү керек.

“Келгиле кайрадан каттоо жүргүзөлү. Компания Бишкекте эмес, Ысык-Көлдө катталсын. Бишкектин мэри, учурда шаарда чогултулуп жаткан салыктардын 19 пайызы жергиликтүү бюджетте калат деп жатат. А эмнеге бул көрсөткүчтү 30-35 пайызга көтөрсөк болбосун? Албетте, борборду өнүктүрүү керек, бирок ошол эле учурда аймактарды дагы эстен чыгарбоо шарт”, – деди депутат.

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/225598