Домой Саясат “Кумтөрдү” куруткан Дастан Сарыгулов “Элдик курултай” өткөргүсү келет

“Кумтөрдү” куруткан Дастан Сарыгулов “Элдик курултай” өткөргүсү келет

5

Дастан СарыгуловКадимки Дастан Сарыгулов агабыз «Кумтөр» алтын кенинин тегерегиндеги «омоктуу ойлорун» ортого салган, азыркы бийликти капталдан соккон макалаларды эркин басылмалардын бирине заказ кылып, 30 миң нускада тараттырганы туурасында кеп кетти. Түштөн кийин акылдуусунган Дастан мырза муну менен эле чектелбестен, кийинки айда «Элдик курултай» өткөрүп, ага жер-жерлерден 750 делегат чакырганынан кабардарбыз. Ушундай аксакалдар карыганын сезип, үйүндө тынч жатышпайбы дейсиң. Анын үстүнө, убагында «Кумтөрдүн» канадалыктарга итбекер кетишинин башында өзү турбады беле? Ошол кылыгы үчүн деле кичине уялып, шүк отурса жакшы болмок. Жакшы карыбаган адамга айла жок тура…

Айбат гезити №115