Домой Саясат Кунакуновдун куу саясаты же кубулма “жаштар өкмөтү”

Кунакуновдун куу саясаты же кубулма “жаштар өкмөтү”

5

КунакуновУбагында ЛПП деген партияны негиздеп, ага жалаң жаштарды чакырып, анан калп эле бийликке сүр көрсөткөн киши болуп, кийин Максим Бакиевге белек ташып жүрүп “Акжолго” депутат болгон шылуун Максат Кунакунов деген эргул бар. Ал жакында “Жаштар өкмөтү” деген кыймылга өзүн эч ким шайлабаса дагы лидер деп атап, ар кимдин акчасын алып, артын оппозицияга такап, башка жактан бийликке кызмат кылып, “балким оппозиция революция кылып жиберсе өтө калам, кыла албай калса бийликке акелеп келем”, -деген саясат кылган. Ал ортодо оппозициянын белдүү бирөөсүнүн ири суммада акча алып, аны кулкумга тыгып салыптыр. Эми, “Жаштар өкмөтүнүн” атын жамынып бийликке кызмат сурап, аэропорттогу тууганы аркылуу президентке киши чаптырып атыптыр. Алмаз Шаршенович мындай эки жүздүүлөрдү жолотпосо керек. Ал эми, берки жаштар Максаттын жеми болуп, ортодо калабы деп турабыз. Себеби, лидермин деп Максат көкүрөк каккан менен, иш жүзүндө Дайырбек кесиптешибиз жолугушууларды кылып жүргөнү бар. А балким, Орунбеков өзү да бир кызматты мелжип аткандыр.

Айбат гезити №80