Домой Кызыктар дүйнөсү Күндө 1 килограммдан кум жеген аял

Күндө 1 килограммдан кум жеген аял

4

Судама ДевиИндиянын тургуну Судама Деви күндө 1 килограммдан кум жемейин тура албайт. Бул тууралуу Mirror басылмасы жазууда. Маалыматка ылайык Судама Деви 10 жашынан бери кум жегени адатка айланып калган. Бирок, бир да жолу доктурга көрүнүп, саламаттыгы тууралуу арызданган эмес. Деви жашы чоңойгон сайын бул адатын таштабай улгайган жашына келсе дагы күнүнө бир килограммга чейин кум жеп келет. Судама Деви азыркыга чейин кум жегенде курсагы ачпагандыгын жана өзүн ток сезгендигин билдирген.Ал айрыкча кумга шекер кошуп жегенди жакшы көрөөрүн айткан. Бирок, кум жемейин тура албаган аялдын 10 баласынын төртөө гана жашаган. Деви тескеринче балдарынын кум жебегендиги үчүн ден соолуктары начар болбогондугун дагы кошумчалаган.

Бакыт Абасбеков

Айбат гезити №134