Домой Саясат Курал алып жүрүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

Курал алып жүрүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

10

пистолет

Бүгүн, 18-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзамга ылайык, демилгечилер тарабынан коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Жогорку Кеңештин имаратында депутаттардын жанына курал алып жүрүүсүнө жана аны сактоого тыюу салынууда.

“Ата-Журт” фракциясынан депутат Курмантай Абдиев коопсуздук маселеси тууралуу сөз болуп жаткандыктан мыйзамдын долбоорун парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитетинин короосунан өтүүсү зарыл экендигин айтып, аны кайра комитетке тапшыруусун сунуштады.

“Бул мыйзамдын долбоору керек. Бирок көйгөйлүү маселе жаралбаш үчүн бул Коргоо жана коопсуздук комитетинин кароосунан дагы өтүүсү керек. Аталган мыйзамдын долбоору биздин комитетти каралган жок”, – деди депутат.

Деилгечилердин бири Ирина Карамушкина мыйзам долбооруна толуктоолор биринчи окууда киргизилиши керек экендигин айтты.

Жыйындыгында мыйзамдын долбоору экинчи окууда добуш берүү күнүнө жөнөтүлдү.