Домой Коом Кургак учук оорусу быйыл көп катталууда

Кургак учук оорусу быйыл көп катталууда

12

тубэркулезКыргызстанда 2013-жылдын 6 айына карата кургак учук оорусуна байланыштуу 3110 окуя катталды. Бул тууралуу “Курч кармаган ичеги инфекциялары: абалы жана профилактика” деген темада өткөн тегерек столдо КР санэпидемкөзөмөлдөө департаментинин директору Төлө Исаков билдирди.

Анын айтымында, туберкулездун көрсөткүчү жогору бойдон калууда. 2012-жылы кургак учук менен ооругандардын саны 3 068ге жетип, анын 350сү 14 жашка чейинки балдар болсо, үстүбүздөгү жылдын 6 ай ичинде эле 3 110 адам ( анын 303ү 14 жашка чейинки балдар) жетти. Кургак учук Чүй облусу менен Бишкек шаарында көп учурап жатат дейт Исаков.