Домой Коом Кургак учук оорусунан каза болгондордун жогорку көрсөткүчү Чүй областында катталган

Кургак учук оорусунан каза болгондордун жогорку көрсөткүчү Чүй областында катталган

2

тубэркулез2013-жылы кургак учук оорусунан каза болгондордун жогорку көрсөткүчү Чүй облстында катталган. Бул тууралуу 12-августта Саламатттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча кургак учуктан каза болгондордун көрсөткүчү Чүй областында 13,8, Нарын областында 12,1, Талас областында 10,1, Бишкек шаарында 10,4 жана Ош шаарында 10, 2 учур катталган.

Ошондой эле биринчи жолу өспүрүмдөрдүн арасында кургак учуктан каза болгон 4 учур катталган (Талас областында 2, Ысык-Көл жана Чүй областарында 1 ден) жана балдардын  арасында 6 учур катталган (Чүй  жана Нарын областарында 2 ден, Ош областында  жана Бишкек шаарында 1 өлүмдөн катталган).

Кыргызстан боюнча кургак учук оорусунан  каза болгондордун жалпы көрсөткүчү 100 миң калкка эсептегенде 8,2 учур болгон.