Домой Саясат Курманбек Осмонов Судьяларды тандоо боюнча кеңешти таратуу керек экенин айтты

Курманбек Осмонов Судьяларды тандоо боюнча кеңешти таратуу керек экенин айтты

5

жогорку сотЖогорку соттун төрайымы Феруза Жамашева өтүүгө тийиш болсо да, Судьяларды тандоо боюнча кеңештин маектешүүсүнөн өтпөй калган. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда “Кыргызстандагы адам укуктары жана сот реформасы жөнүндө” деп аталган тегерек столдо парламенттин “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов билдирди.

Анын айтымында, Судьяларды тандоо боюнча кеңешке Жамашеваны жогорку сот органынын башчылыгына шайлоого жөн гана буйрук беришкен.

“Мен жеке өзүм аны Ош областтык сотунан Бишкекке которгом. Бирок адеп башында ал тандоодон өткөн жок. Анан кандайдыр бир керемет болуп кетип эле Жогорку соттун төрайымы болуп калды. Биз сот реформасын жүргүзүп жатабыз деген кейип таанытып, анан ушундай оюндарды ойногонубуз акылсыздык. Мен буга чейин дагы, азыр дагы “Судьяларды тандоо боюнча кеңешти таратуу керек” деп айтып келе жатам”,- дейт Осмонов.