Домой Шоубизз “Курманжан датка” киносу “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлдү

“Курманжан датка” киносу “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлдү

9

kinopoisk.ruСадык Шер-Нияз тарткан Алай ханышасы “Курманжан датка” киносу “Оскар” сыйлыгына “Мыкты чет элдик тасма” категориясы боюнча көрсөтүлдү. Мындай маалыматты америкалык “Variety” журналы жазып чыкты. Эскертсек, фильм мамлекеттик буюртмасы менен тартылып, 2 жылдан ашык мөөнөттү талап кылган. Ошондой эле, кино Ош, Алай, Жети-Өгүз, Талас жана Көк-Мойнок деген жерлерде тартылган. Кинону тартууга жалпысынан 700дөн ашык киши катышкан. Чет мамлекеттик тасмалардын бюджетинин бир бөлүгү гана сарпталган тасманын Оскар сыйлыгына көрсөтүлүп жатканы кыргыз эли үчүн абдан чоң сыймык. Тасмага ийгилик каалайбыз!

Айбат гезити №99