Домой Видео «Курманжан датка» тасмасынын бюджети 70 млн сомду түзөт

«Курманжан датка» тасмасынын бюджети 70 млн сомду түзөт

6

Курманжан Датка

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин ушул жылдын 14-июнундагы буйругу менен Маданият, маалымат жанан туризм министрлигине эки бөлүктүү «Курманжан датка» көркөм тасмасын тартып бүтүрүүгө ушул жыл үчүн кошумча 30 млн сом бөлүү жөнүндө Финансы министрлигине тапшырылды.

Каражаттар «Капиталдык салымдар» статьясы боюнча чыгымдарды кыскартуунун эсебинен мамлекеттик тапшырык линиясы боюнча бөлүнөт.

Ошондой эле, Маданият, маалымат жанан туризм министрлигине, 2011-жылы бөлүнгөн 40 млн сомдун пайдаланылышы жөнүндө маалыматтарды Финансы министрлигине бир айдын ичинде берүү тапшырылды.

Мындай өңүттө, «Курманжан Датка» 70 млн сом бюджети менен көз карандысыз Кыргызстандын тарыхындагы эң кымбат тасма болуп калат.