Домой Шоубизз «Курманжан Датка» Иранда өтүүчү «Фаджр» кино фестивалынын «Дүйнөлүк тасма» программасына кирди

«Курманжан Датка» Иранда өтүүчү «Фаджр» кино фестивалынын «Дүйнөлүк тасма» программасына кирди

2

Курманжан ДаткаАта мекендик «Курманжан датка» тасмасы учурда Тегеранда (Иран) дүйнөдөгү эң ири «Фаджр» кинофестивалында көрсөтүлүүдө. Картина катышуу үчүн расмий түрдө кинофестивалдын директору Алиреза Резадад тарабынан чакырылган. 33-кинофестиваль быйыл 25-апрелден 2-майга чейин өтөт. «Курманжан датка» «Дүйнөлүк тасма» сынак программаларынын бирине кирди. Аталган кинофестиваль 1982-жылдан бери өтүп, улуттук жана эл аралык болуп эки негизги сынактан турат.

Айбат гезити №126